Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

КЫРГЫЗ ЖЕРИН САЗ ЖАНА ТУЗ БАСУУДА


Фатима Абдалова Бишкекте кечээ башталган «Жердин жакырданышы жана топурактын булганышы» аттуу эл аралык конференция бүгүн соңуна чыгат. 2007-жылы Испанияда өтөрү күтүлүп жаткан ЕККУга мүчө мамлекеттердин экономикалык форумун утурлай өтүп жаткан Бишкек конференциясына мүчө мамлекеттерден расмий өкүлдөр, жарандык коомдун лидерлери, адистер катышып жатышат.

Жыйындын максаты - жердин азып-тозушунун, жер кыртышынын булганышынын себептерин жана суу ресурстарын пайдалануунун эрежелерин талкууга алуу болду. Кыргызстанда соңку 10-15 жылда бак-дарактардын жаңы түрлөрүн чыгаруу, ооругандарын дарылоо, зыянкечтерди жоготуу иштери колго алынбай калган. Австриянын токой мыйзамы боюнча консультанты Питер Хербст Кыргызстандын жайлоолорун, токойлорун мисалга алып, алыскы токойлорго адам буту такыр жетпей калганын, ал эми жакын турган токойлор адамдар тарабынан бүлгүнгө учурап жатканын белгиледи:

"Биз XIV-XV кылымдарда эле үйрөнгөндөй, мындай аймактарда эч нерсе өспөгөндүгү бул аймактан сырткары жашаган элдерге да таасирин тийгизиши мүмкүн, жер көчкүлөр жүрүп. Биз бул жерде жер кыртышынын булганышы тууралуу сөз кылып жатабыз. Бул жөн эле жердин булганышы эмес, бул анын жоголуп башташы. 200-400 жылдын ичинде бул жерде бара-бара эч нерсе өспөй калышы мүмкүн".

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы пахта, тамеки эгилген жерлерге себилген химиялык заттардан, кен казуучу жайлардан, уран калдыктары көмүлгөн жерлерден чыккан уу заттар аба жана суу аркылуу адамдардын ден соолугуна, айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келүүдө. Улуттук илимдер Академиясынын түштүк аймагы боюнча катчысы Нурланбек Калдыбаев жер семирткич катары себилген химиялык заттардын зыяндуулугуна токтолду:

"Түштүктө тамеки, пахта талааларына себилген химиялык заттардан улам аялдар менен балдар арасында ар кандай оорулар күчөп атат".

Окумуштуулардын изилдөөсүндө өнүккөн өлкөлөр өз жеринде жаткан ар кандай кен байлыктарын казып иштетишпейт экен. Себеби ал кен байлыктар айлана-чөйрөгө чоң зыян келтирүү менен адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирет.

Барскоондогу «Карек» коомдук уюмунун төрайымы Эркингүл Иманкожоеванын айтымында - Барскоондо 10 жылдан ашык убакыттан бери алтын кенин казып иштетип аткан «Кумтөр» компаниясынын Кыргызстанга тийгизип аткан зыяны өлчөмсүз.

Окумуштуулардын изилдөөсүндө Кыргызстандын көп жерлеринин топурактары бузулууга учурап жатат. Анын себептерин Агрардык университеттин Агроинженердик институтунун директору Нурдин Карабаев мындайча түшүндүрдү:

“Кыргызстанда жерлердин саз басышы жана туздалышы абдан тез жүрүп жатат. Жер астындагы кара суулардын массасы көбөйүп, ал жер бетине жакын жайгашып, абдан зор туздардын топтолушунан - абдан баалуу айдоо топурактар иштетүүдөн чыгып калып жатат."

Фатима Абдалова, Прага

XS
SM
MD
LG