Дооронбек Садырбаевдин айтымында, Жогорку Сот Химсинтез иши боюнча аны актап жатканда күбө катары туура эмес көрсөтмө берген. "Мен бул айыбым үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын",- деп жазат Дооронбек Садырбаев Баш прокуратурага жолдогон катында. Ал Башкы прокуратурадан мурдагы кылмыш ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра козгоо, Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсүндө болгон оппозициянын чогулушун тыңшаттырганы үчүн дагы бир кылмыш ишин козгоону талап кылууда.