Расмий маалыматтарга ылайык быйыл он айда Жалалабат областынан 5941 адам КМШ өлкөлөрүнө чыгып кеткен. Өткөн жылы сыртка облус аймагынан сыртка кеткендер 5603 адам болгон. Алардын көбү жумушсуздуктан жана жакыр жашоодон кыйналып, Россияга иш издеп кеткендер. Арасында жогорку жана орто билимдүү медициналык кызматкерлер, техникалык адистиги бар адамдар бар. Мисалы, сантехник жана токарь адистигиндеги адамдар Жалалабатта ай сайын беш миң сомдон алып иштегенге көнбөй коюшкан. (YA)