Улуттук Университеттин ректорлук кызматына өткөрүлүп жаткан шайлоонун биринчи турундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ырысбек Өмүрканов 253 добуш алды, академик Алтай Бөрүбаев 244 добуш менен экинчи болду, үчүнчү орунга 102 добуш менен Аалыбек Акунов чыкты. Алдыга чыккан эки талапкердин ортосунда шайлоонун экинчи туру бүгүн эле өткөрүлгөн жатат.
17:00 Улуттук университеттеги ректордук шайлоодо Ы. Өмүрканов менен А. Бөрүбаев алдыга чыкты