Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

СПИД КАРЫ-ЖАШТЫ, ЫМЫРКАЙДЫ ЫЛГАБАЙТ


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча СПИД дарты дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө геометриялык прогрессия менен өсүп, ага чалдыккандардын саны жыл сайын эки эсеге көбөйүп турат. Күн сайын ВИЧ-инфекциясын 15 миңдей адам жугузуп алып, анын 8 миңдейи СПИДден каза болот. Учурда Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен ооруган 1031 адам катталган. Алардын үчтөн бир бөлүгү жаштар.

СПИД/ВИЧ инфекциясы Кыргызстан аймагында алгачкы жолу 1987-жылы катталган. Акыркы 2-3 жылдан бери айрыкча жаштар, ишке жарамдуу курактагы адамдар арасында СПИДге чалдыккандардын саны өтө тездик менен өсүүдө. Ошондой жаштардын бири Нурлан Шанкоров. Ал бул илдетке чалдыкканын 2001-жылы кокусунан байкаган:

- ВИЧ илдетине чалдыкканымды 2001-жылы билдим. Атайын барып анализ тапшырган жокмун, кокусунан билдим. Ошол мезгилде мен бир кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Экөөбүз баш кошолу деген чечимге келгенбиз. Бирок, андан мурун мен баңгизатын колдончумун. Ийне аркылуу жугуп калды деп ойлойм. Вич статусу менен жашаганыма алты жыл болуп калды.

Шанкоров азыр үй-бүлөлүү, анын 2 айлык кызы бар. Кызынын ден-соолугу таза. Нурлан өзүнүн үй-бүлөсүнүн саламаттыгы үчүн кам көрүп турат. Ал СПИД менен жабыркаган башка мекендештерине да колдоо көрсөтүүгө ынтызар. Ошол максат менен ал “Позитивная инициатива” аттуу бейөкмөт уюмун ачкан.

-Бул уюмду ачкан кишилер өздөрү ВИЧ менен жашаган адамдар. ВИЧ менен жашаган кишилердин укуктары бузулат, коомдо түшүнбөстүктөр көп. Ошон үчүн биз өзүбүз ушундай уюм ачып, бир жылдан бери иштеп атабыз, - деди Нурлан Шанкоров.

Кыргызстанда СПИД эпидемиясы менен күрөшүү программасын жүзөгө ашырууга Бүткүл дүйнөлүк Глобалдык фонд тарабынан СПИД борборуна 17 млн. доллар грант бөлүнгөн. "Биз дүйнө жүзүндөгү 130тан ашык мамлекетти кургак учук, безгек, СПИД/ВИЧ боюнча грант түрүндө каржылайбыз. ВИЧ/СПИДди алдын алуу үчүн Кыргызстанга 17 млн. доллар бөлүп бердик. Бул Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекет үчүн чоң акча", - деди Глобалдык фонддун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча менеджери Валерий Чернявский.

Адистер СПИД/ВИЧ инфекциясы жыныстык катнашуу аркылуу, кан аркылуу, анан илдетти жугузуп алган энеден балага жугарын айтышат. Илдет аны жугузуп алган адамдын канында топтолот. Оорулунун бездери чоңойот, температурасы көтөрүлөт, арыктайт. Республикалык СПИДке каршы күрөшүү бирикмесинин дарыгери Назгүл Султанова бул илдетти дарылоого Глобалдык фонддон жардам болуп жатканын айтты:

- 2005-жылдын башынан баштап Кыргызстанда Глобалдык фонддун каржылоосу менен ондон ашык антиретровирусдук дарынын түрлөрү сатылып алынган. Азыркы күндө Кыргызстан боюнча бул дарыны алгандардын саны - 44. Оорулууларга бекер берилет. Алар ал дарыны канча жашаса, дайыма ичип жүрөт. Анткени аны үзбөй ичүү керек.

ВИЧ/СПИД инфекциясы тууралуу кыргызстандык жарандардын маалыматы кандай? Бул суроого шаардын айрым тургундары жооп беришти:

- Менин атым Тимур. СПИД боюнча түшүнүгүм жок.

- Менин атым Жайлоогүл. Бул өтө коркунучтуу, жугуштуу, айыккыс оору.

Статистикалык маалымат боюнча, кылым илдети аталган бул оору менен жабыркагандардын жалпы саны Кыргызстанда 1031ге жеткен. Алардын ичинде 14жашка чейинки жаш балдардын саны – 10.

Жабыркагандардын көпчүлүгү, тактап айтканда 475и Ош облусунун тургундары. Республикалык СПИДге каршы күрөшүү бирикмесинин башкы деректиринин кеңешчиси Борис Шапиронун айтуусунда Кыргызстанда бул дарт менен ооруган кыз-келиндердин саны айрыкча арбып барат: "Бизде ВИЧ инфекциясы менен жабыркагандардын көпчүлүгү баңги затын колдонуп, бири бирине ийне аркылуу жугузуп алгандар. Алардын көпчүлүгүн эркектер түзөт. Эркектер албетте аялдар менен жыныстык байланышта болушат. Ошентип Кыргызстанда билинбестен бул дарт менен ооруган кыз-келиндердин саны өсүүдө. Эң коркунучтуусу ВИЧ илдетине чалдыгып калган аялдан бала төрөлүшү. Бул ВИЧ илдетинин жайылышынын үчүнчү жолу болуп саналат. Ошондуктан биздин эң башкы милдетибиз, аларды сактап калуу. Биз андай аялдарды дарыланууга, операция жолу менен баланы төрөөгө, баланы өзүнүн эмчек сүтү менен тамактандырбоого ынандырабыз. Ушул талаптарды аткарган учурда гана дени сак бала төрөлүшү мүмкүн".

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Акматбеков Кыргызстанда социалдык-экономикалык абалдын оорчулугу жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө алып келүүдө деген оюн билдирди: "ВИЧ оорусу боюнча республикада бүгүнкү күнү кырдаал өзгөчө катуу болуп атат. Себеби акыркы 15 жылдын ичинде биздин жалпы республикабыздын элинин социалдык-экономикалык абалы кыйындап кетти. Ошонун бир белгиси -жугуштуу оорулардын көбөйүшү. Ошонун ичинде ВИЧ инфекциясы да бар."

Биз башында сөз кылган ВИЧ илдетине чалдыгып калган Нурлан Шанкоров тагдырлаштарына минтип кайрылат:"Бул проблемада адам өзү менен өзү калбаш керек. Жаман ой жеп коет экен адамды. Биринчиден, эң жакын кишилерди караштырып, ошолор менен бөлүшүү керек. Коркпош керек. Анткени, ВИЧ илдетине чалдыккан адамдардын калган адамдардай эле укуктары бар".

Мира Аманбаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG