Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

БИШКЕКТЕ “БЕЙИШТИН ЧЫМЧЫКТАРЫ”, БАТКЕНДЕ “ПЕЙИЛДИН ОҢОЛУШУ”


Аптада кандай маданий окуялар болду?

Кыргызстандык КВНчилер биринчи жолу Москвадагы эл аралык оюнга катышат. Алатоодогу шайыр жана тапкыч жаштарды Эл аралык КВН кошуунунун башчысы Александр Масляков “КВНге 45 жыл” деген атайын долбоорго чакырган. 21-22-ноябрда Москвада өтүүчү оюнда төрт курама топ - Түштүк, Түндүк, Батыш жана Чыгыш деген командалар чыгат. Кыргызстан Чыгыш тобунун курамында ойнойт. Бул топто кыргыз оюнчуларынан сырткары “Лейтенат Шмидтин балдары”, Владивосток аймагынан чыккан курама топ жана казакстандык шайырлар катышат.

Шайырлардын жана тапкычтардын 45 жылдык мааракесине КМШ өлкөлөрүнүн президенттери чакырылды. Алардын катарында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да бар деп кабарлады Кыргызстандагы шайырлар жана тапкычтар клубунун алып баруучусу жана жетекчиси Евгений Акопян. Анын айтымында эл аралык шайырлар жана тапкычтар клубунун президенти Александр Масляковдун чакыруу барагы президент Курманбек Бакиевге тапшырылды.

Онунчу ноябрдан бери Бишкектеги сүрөтчүлөр шаарчасынын көркөм өнөр борборунда Рахат Итикеев менен Нурбек Жолбуновдун эмгектерин чагылдырган көргөзмө өтүп жатат. Бул көргөзмөдө териден, чийден жана сөөктөн жасалган эмгектер коюлган.

-Муундан муунга өтүп келе жаткан бабаларыбыздын руханий дөөлөттөрүнө кайдыгер мамиле кылбай, унутпай азыркы заманга, азыркы талапка ылайыктап иштеп чыгуу биздин милдетибиз -дейт сүрөтчү Нурбек Жолбунов.

Ал эми Рахат Итикеев живопись жана авангард стилин тандап алып, эмгектеринде кыргыз элинин жашоосун улуттук колоритте бергенге аракет кылат. Сүрөтчүлөрдүн негизги максаты келечекте мыкты чыгармалары менен Кыргызстанды башка өлкөгө таанытуу.

Бул жумада Бишкекте кыргыз киносунун 65 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чаранын алкагында 17-ноябрда кино үйүндө салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, анда бир катар киноишмерлерге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул сыйлыктарды мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров тапшырды. Мамлекеттик катчы куттуктоо сөзүндө кыргыз киносунун бүгүнкү абалына токтолуп, келечекте Кыргызстанда Евразия кинофестивалын өткөрүү керек экендигин айтты.
Салтанаттуу жыйында киноишмерлерди кыргыз эл жазуучусу Чынгыз Айтматов да куттуктап жылуу пикирин билдирди. Мааракенин алкагында кино үйүндө кинорежиссерлор Рая Шаршенова менен Генадий Базаров тарткан “Реквием”, жана “Метаморфоза” фильмдеринин ошону менен бирген жаш кинорежиссер Талгат Асранкулов тарткан “Бейиштин чымчыктары” аттуу көркөм тасманын бет ачары болду. Бул тасманын дүйнөлүк премьерасы сентябрь айында Алматыда Евразия кинофестивалында болгон. “Бейиштин чымчыктары” Дүшөмбүдө уюштурулган Дидор эл аралык кинофестивалына катышып, Тажикистандын маданият министрлигинин байгесине жана дипломуна татыктуу болгон.


Маданият министрилиги кабыл алган “Рухтун 100 маданий долбоорунун” алкагында жарыяланган китепканалар аралык сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Ага ылайык Ош облусундагы Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы, Талас облусундагы Көккашат айылынын жана Нарындагы Кочкор районунун китепканалары мыкты деп табылды. Ал эми “Мыкты айыл клубу” номинациясы боюнча Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылынын маданият үйү биринчи орунга татыктуу болду. Мындан сырткары өлкөдөгү бир катар маданият үйлөрүнө дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.


Баткен шаарында жаңыдан уюшкан музыкалык драм театры өзүнүн алгачкы бет ачар оюнун элге тартуулады. Спектакль Баткендик жазуучу Аскар Ражабалинин «Пейилдин оңолушу» аттуу чыгармасынын негизинде коюлду.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG