Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

18:00 Ысыккөлдүк депутаттар көлдүн көйгөйүн айтып, губернаторго таарынышты


“Кыргыз Деңизи” пансионатында Ысыккөл облусунун коомчулугу чогулган “Ысыккөл” фондусунун жыйыны беш саатка созулду. Дээрлик чыгып сүйлөгөндөр жердештерине жогорку бийликтен шыбага тийбегенине нааразы болушту. Депутат Кубанычбек Исабеков мурдагы вице-премьер министр Ишенгүл Болжурованын мисалында кадрлар боюнча аймактык саясат туура эместигин белгилеп, президент Конституцияны дале депутаттарга көргөзбөй жаткандыгын айтты.

Депутат Султан Урманаев Иса Ахунбаевдин ысымын медициналык академияга ыйгаруу токтому чыкса дагы президент кармап жаткандыгын кошумчалады. Депутат Эркин Алымбеков болсо Сарыжаз тоо кен комбинатын казактарга мыйзамсыз берүүгө каршы чыгып жаткандыгы үчүн ага кол салуу болгондугун, бирок, губернатор Эсенгул Өмүралиев буга унпукпай отурганын сынга алды.

Көлдүк депутаттар Конституциялык реформага үн кошпогон жердештерине таарынычын айтышып, губернаторду антимитинг өткөрбөй жүрүңүз деп зекишти. Аягында Биосфера аймактын уюмунун жетекчиси Эмил Каптагаев Ысыккөлгө зыянын тийгизип жаткан он беш фактор боюнча Бакиев, Кулов, Султанов жана Өмүралиевге расмий жолдонгон кайрылууну окуду, деп кабарлайт көлдүк кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы

XS
SM
MD
LG