Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

9:00 Баткенде чек ара маселеси кайрадан курчуй баштады


Акыркы күндөрү Өзбекстан Кадамжай районуна чектеш жердеги Борбалык чек ара бекетин кечки алтыдан таңкы сегизге чейин жаап салууга өттү. Бул район борборуна Өзбекстан аркылуу каттоого аргасыз Кадамжайдын 10 чакты айылынын калкына өзгөчө түйшүк туудуруп, элдин нааразылыгын күчөтүүдө. Жергиликтүү бийликтин өзбек тарап менен буга чейинки сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. Облустук бийликтин өкүлү Таштемир Эшалиев сүйлөшүү бүгүн да уланаарын, андан натыйжа чыкпаса кыргыз тарап да адекваттуу чара иретинде Сох анклавын Өзбекстан менен байланыштырган жолду жабууга аргасыз болоорун «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG