Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

16:11 Барак айылындагы элдин турмуш-тиричилигинде кыйынчылык көбөйдү


Карасуу районундагы Акташ айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбай Мойдунов Өзбекстан аймагынын ичинде калган кыргыз айылы Баракта элдин турмушу абдан оорлоп кеткенин билдирди. Барак бүтүндөй Өзбекстандын айылдары жана чек ара, бажы кызматтары менен курчалган. Анда 127 түтүн үй бүлө же 650 гө жакын адам жашайт. Аларга электр жарыгы менен таза суу коншу өлкөдөн эки саатка гана убактылуу берилет. Эгин суусун да коңшу өлкөдөн алган айыл өстүргөн пахтасын дагы өзбек бийлиги уруксат бергенден кийин арзан баага сатылат. Кыргызстанда саясий акциялар башталаары менен чек ара жабылып, айыл тургундарынын түпкү мекени менен болгон байланышы үзүлөт. С. Мойдуновдун пикиринде, Кыргызстан тарап менен катташуу үчүн коридор берилгенде гана барактыктардын турмушу женилдеши ыктымал.(YA)

XS
SM
MD
LG