Орусияда чет-өлкөлүк эмгек мигранттардын турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр алардын көпчүлүгүнө таасир этээри айкын. Бул, өзгөчө, грузиялык атуулдарга тиешелүү, анткени Орусия менен Грузиянын жарандары бири-бирине виза менен гана каттай алышат. Мына ушундай эле тартипте жашап жаткан экинчи мамлекет – Түркмөнстан, бирок Орусияда иштеп жүргөн түрмөнстандыктар аз. Муну эске алганда, соңку өзгөрүүлөр КМШ мамлекеттеринен ичинен грузиялыктарга, ал эми алыскы чет-мамлекеттерден кытайлыктар менен вьетнамдыктарга таасир этээри күтүлүп жатат. Алардын саны келерки жылы азыркысынан 20 миңге кыскартылышы керек.
Айрым аналитиктер муну азыр «Орусиянын тигил же бул мамлекетке каршы колдоно турган саясий куралы болуп калат» деп да атай башташты. Анткени соңку мезгилдерде Орусия менен Грузия ортосунда дипломатиялык жаңжал болуп, андан кийин эле бул өлкөдөн келип жаткандардын санын кыскартуу боюнча чечим чыгып олтурат.
Соңку чаралар кыргызстандык мигранттардын да турмушунда зор өзгөртүүлөрдү жаратат. Анткени кыргызстандык мигранттардын көпчүлүк бөлүгүн Орусиянын ар башка шаарларындагы ири базарларда сатуучулук иште тургандар түзөт.
Орусиядагы кыргызстандыктардын «Кыргыз биримдиги» уюмунун жетекчилеринин бири Касым Темировдун айтымында, орус өкмөтү киргизип жаткан өзгөртүүлөрдүн кыргызстандык мигранттарга пайдасынан зыяны көп:
- Албетте, мунун зыяны бар, анткени Орусиянын базарларында кыргызстандыктардын көбү сатуучулук иште турушат. Эми буга тыйуу салып коюшса, кыргыздарга аябай эле кыйын болуп калат деп ойлойм. Биздин атуулдардын ичинде ушу тапка карата орус атуулдугун алып алгандар деле көп. Алар иштегенге мүмкүнчүлүгү бар. Эми азыр киргизилип жаткан чараларды кыргыз мигранттарына ылайыкташтыруу дээрлик мүмкүн эмес. Кыргыз өкмөтү деле эч нерсе аткарала албат ко. Анткени буга чейин «кош атуулдук» жөнүндө айтышкан, ал маселе деле көтөрүлбөй калды. Билбейм аны, чече алышпайт го….
Чынында, Москвадагы кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү келерки жылдан тарта ишке кире турган жаңы өзгөртүүлөр жөнүндө кабары жоктугун айтышат. Бирок алардын ичинде бул кабарды угуп калгандар аны кыргызстандык мигранттарга оор келе турган көрүнүш катары кабыл алышканын билдиришти.
- Мунун заяны бар, албетте. Базарда сатуучулук кылганга тыйуу салынса биз кантебиз? Биздин тиричилигибиз бүт эле базар менен байланыштуу. Бул жагы оор болуп калат го дейм, - дейт Москвада иштеген кыргызстандык мигрант.
Ал эми Мамдуманын вице-спикери Сергей Бабуриндин ишениминде, бул чараларды алда качан эле киргизиш керек болчу:- Бул чара кечигип киргизип жатат демекчимин. Чынында, өнөр-жайы өнүккөн көптөгөн мамлекеттер үчүн бул кадимки эле көрүнүш. Башкы көңүл өлкөнүн өзүнүн атуулдарын иш менен камсыз кылууга бурулушу абзел. Орусиядагы азыркы учурдагы жумушсуздуктун өтө бийик деңгээлин, анан чет-мамлекеттиктер бизде базарларда иштеп, өлкөдөн алып чыгып кетип жаткан акчанын чоң көлөмүн эске алганда, бул чаралар бүгүнкү күнү өтө зарыл болгон аракет.
Ошентип, келерки жылдын башынан тарта иштей турган чаралар кыргызстандык миңдеген атуулдардын турмушуна кандай кыйынчылыктарды жаратаарын азырынча элестетүү кыйын.
Төрөкул Дооров, Москва