Британиянын премьер- министри Кабулда сүйлөгөн сөзүндө Британия Ооганстанда канча керек болсо, ошончо жардам бере турганын билдирди. Ооган президенти Хамид Карзай менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда Тони Блэр НАТОдон Ооганстанга колдоо көрсөтүү пландары жөнүндө даана сөз айтуусун талап кылды. Ооганстанда Британиянын беш миң аскери кызмат өтөөдө, алардын баары талибандардын кол салуусуна дуушар болуп аткан түштүк региондорунда жайгашкан. Блэр Ооганстанга Пакистандан келди. Президент Мушараф менен Блэр терроризмге каршы күрөштү улантууга сөз беришти.