Улутка укурук салар кез келдиби? Акүйдөгү айбаттуулар эмне үчүн унчугушпайт? «Кыргыз руху» гезити, «ХИПИК КЕЛАТАТ. АРТЫБЫЗДА АТА МЕКЕН. АТАЖУРТ КОРКУНУЧТА!» аттуу макаласында, мамлекет башчыбыз Бакиев же ак дебей, же көк дебей олтурган тапта Кыргызстанды сырткы күчтөр бул программага курмандыкка сойчу койдой жетелеп баратышканын, ал арада эл менен тигилердин ортосунда далдалчы болуп өлкөнүн каржы министри Акылбек Жапаров ойда «мыкты» роль ойноп атканын, ага кошумча президентти жактаган күчтөрдүн элдик рефрендумга коюш керек деген кыйкырыгы катуулап киргенин, бийлик ушул жылдын 20-декабрында HIPCке кирүү тагдырына чекит койорун жазып келип, бүгүн АТА МЕКЕНдин тагдырына кайдыгер карабаган ар бир кыргызстандыкты HIHC программасына КАРШЫ турууга чакырган.
«МСН» гезити, Кыргыз Республикасынын тарыхында Негизги мыйзам 5 ирет өзгөртүүгө тушукканын, жаңы Башмыйзамда көп партиялуулукка жол ачылганы жаңылык деле эмес экендигин, бир жолу партиялык тизме менен Кыргызстанда шайлоо өтүп, анын жолу деле шыдыр болбой, эл эки жээкке бөлүнүп, биринин көзүнө бири күл чачмай токтобой койгонун, ушундан улам кезинде андан да баш тартканыбызды, эми кандай болгон күндө да «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болгон шайлоочулардын кыйла эле дасыгып калганын эске салып, балким жаңы кадам ийгиликтүү болуп кеткиси бардыр деген ойду айтат.
Президенттин уулу Максим Бакиевдин мүлкүнө изилдөө жүргүзгөн депутаттык комиссияга Адилет министри Марат Кайыповдун берген ырасмий жообуна ыраазы болбогон «Агым» гезити, А.Бекназаров бир жарым жылдан бери какшап келаткан Акаевдердин мүлкү элге кайтарылмак түгүл, баягы эле цемент-шифер, спирт, КООРТ, электр, газ, алтын тармактарынын артында Максим Бакиевдин кулагы чыгып турганын, бүгүн ал кулакты жакшы тааныгандардын көзүнөн аны эч кайда ката албастыгын, Акаевдар да убагында «канакей, далилдегиле?» деп касам ичип, карганып жүрүп качып баса бергенин, баары бир кыңыр иш кыргызда илгеркидей кырк жылда эмес… азыркычылап кырк күндө билинип каларын жазды.
Ушул эле гезит депутаттардын жашоосуна кызыгып, парламентарийлердин арасында14 миң айлык маянасы менен жашап-иштеп аткандар да жок эмесин, бирок басымдуу көбү күжүлдөгөн күркүлдөрдөн турарын, алардын ар бири шайланар алдында 5 миллиондон сом коротушса, азыр ал акчаларын он эселеп кайтарып жатышканын, депутаттардын жакшы көргөн жерлери- казино, сауна, кымбат өлкөлөр болорун, тегереткендери жүз миңдеген долларлар экенин айтып келип, анын Кыргызстандагы мисалы катары депутат И.Масалиевдин «жашоосуна» токтолот.
Биринчиден, дейт «Агым», ал өз атасына ыроолонгон мамлекеттик резиденцияда бекер жашайт, экинчиден, Бишкекте жубайына катталган квартирасы бар, үчүнчүдөн, биртууган карындашы Айчүрөккө ижара акысын төлөгөн келишим түзүп, ай сайын 18 миң сомдук үйбүлөлүк чөнтөккө уруп келетат.
Кабыл алынган жаңы Башмыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн ага тиешеси бар дагы 48 мыйзмага өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү керек, эгер парламент тарап кетсе бул өзгөртүүнү президент киргизеби? Ошондуктан парламент өз милдетин мөөнөтү бүткөнгө чейин аткарышы зарыл, парламент тарасын деген болбогон кеп, деп жазды бүгүнкү «Кыргыз туусу» гезити.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ