Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

14:40 Арслан Малиев Кыргызстанды тышкы карыздарды тааныбай баш тартууга чакырууда


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиев ыңкылапка байланыштуу Кыргызстан тышкы карыздарды тааныбай тургандыгы жөнүндө декларацияны сунуштай тургандыгын билдирди. Айрым депутаттар ХИПК программасына кирүү менен Кыргызстан кудуретсиз, жакыр өлкөлөрдүн катарынан орун аларын белгилешти. Депутат Болот Марипов аталган программага кирип, жакырлыктын сазынан чыга албай калган Африкадагы өлкөлөрдү санап берди. Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаев Кыргызстан тышкы карызынан кутулуу үчүн ХИПК программасына жыл аягына чейин кирбесе кеч болуп каларын айтты.(AJ)

XS
SM
MD
LG