Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

9:00 “Ата Мекен” партиясынын камакка алынган мүчөсү кечээ түнү бошотулду


Бирок милиция ага бүгүн эртен менен кайрадан суракка келээрин эскерткен. Партиянын мүчөсү Бакыт Калпетовду кечээ түштөн кийин Бишкекте көчөдө бараткан жеринен белгисиз адамдар күчтөп автоунаага салып кетишкен. Кийинчерээк аны Ленин райондук милиция бөлүмүнө алып барышканы белгилүү болгон. Ага ушул айдын башында оппозиция уюштурган митинг учурунда мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысынын орун басары Бейшенбек Бекешовду сабаган деген айып тагылууда. «Ата Мекен» партиясы мындай айыптоону негизсиз деп эсептеп, аны бийликтин кысымы катары баалоодо.

XS
SM
MD
LG