Бүгүн Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун судьяларына талапкерлерди жана жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо кызуу талкууланууда. Депутат Өмүрбек Текебаев жергиликтүү соттун төрагалыгына кээ бир чиновниктер өз тааныштарын, тууган-уруктарын, досторун сунуштап жатышканын айтты. Ал депутаттарды жергиликтүү сотторго чоңдордун жакындарын өткөрбөй, таза, жогорку деңгээлдеги татыктууларды тандап, добуш берүүгө чакырды. (AJ)