“Менин өлкөм” партиясынын Координациялык кеңешинин 8-ноябрдагы чечими менен партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Медет Садыркулов шайланды. Декабрь айынын жарымында партиянын курултайы өткөрүлүп, аны төрагалыкка бекитебиз, деди аталган партиянын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев “Азаттыкка”. 1998-жылы“Менин өлкөм” партиясы түзүлүп, аны белгилүү көз догдур Алмазбек Исманкулов, кийинчерек Жоомарт Оторбаев жетектеп келген. Медет Садыркулов учурда президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштейт. (AJ)