Путиндин саясатын сынга алып келген Литвиненко үч жума мурун белгисиз зат менен ууландырылган. Дарыгерлер Литвиненконун өмүрүн сактап калуу үчүн колунан келгенин жасашканын айтышты. Александр Литвиненко журналист Анна Политковскаянын өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүп келген. Литвиненконун жактоочулары анын ууланышына Кремльдин тиешеси бар дешүүдө. Россия мындай күнөөлөр негизсиз деп билдирди.