Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

13:23 Т.Тургуналиев: жаңы Конституция - саясий чайкоочулуктун түшүмү


"Эркиндик" партиясынын лидери Топччубек Тургуналиевдин айтымында, 6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү Кыргызстанда Конституциялык төңкөрүш болду. Анда “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү болгон депутаттар кворум жоктугуна карабай жаңы баш мыйзамды кабыл алуу аракетин жасаган. Ал эми 8 нен 9-ноябрга караган түнү дагы Конституциялык төңкөрүш болуп, президент жана Жогорку Кеңештин кичинекей тобу саясий чайкоочулукка барды. Баш мыйзамдын долбоорун эл талкуулаган эмес.Парламент да талкуулабастан, Конституция мыйзамсыз жол менен кабыл алынды. Бул баш мыйзам Кыргызстандын чак-чалакейин чыгарат. Бул жөнүндө Топчубек Тургуналиев бүгүн маалымат жыйынында жарыялады.

XS
SM
MD
LG