Бизнесин сактап калгысы келген олигархтар отурган Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатпайт, ошондуктан аны таркатуу боюнча “Куттуу Кыргызстан” биримдиги менен “Эркиндик” саясий партиясы кол топтоо акциясын жүргүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мыйзамдуу жол менен жаңы Конституция кабыл алып, президенттик башкаруу формасын киргизип, парламентке шайлоону жүз пайыз партиялык тизме менен өткөрүү керек. (AJ)