Бүгүн президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элдеринин ассамблея кеңешинин биринчи кеңешмесине катышып, бул уюмду коомдогу бардык күчтөрдү бириктирүүчү күч катары баалады. Ал ошондой эле облус, шаар башчыларын улуттук борборлор менен тыгыз иш алып барууга үндөдү.