Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

9:00 «Ата Мекен» партиясы бүгүн нааразылык акцияларын баштоо тууралуу чечим кабыл алышы ыктымал


Ага акыркы күндөрдө партия мүчөлөрүнө кысым күчөшү себеп болууда. Партиянын бир мүчөсү Бакыт Калпетов мурда күндөн бери УKK абагында отурат. Ага мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысынын орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. «Атамекен» партиясы мындай айыптоону негизсиз деп эсептеп, аны бийликтин кысымы катары баалоодо. Партиянын маалыматына караганда, Бакыт Калпетов кечээтен бери ачкачылык жарыялоодо жана партиянын башка мүчөлөрү да ага тилектештик иретинде саясий ачкачылык жарыялоого даяр.

XS
SM
MD
LG