Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Европа Биримдиги менен Орусия ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюлган жок


Хельсинки шаарында кечээ күнү Европа Биримдиги менен Орусия ортосунда бийик жолугушуу өткөрүлдү, бирок кызматташуу боюнча даярдалган жаңы келишимге кол коюлган жок, анткени ага Польша каршы чыкты. Европа комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу орус президенти Владимир Путинге кайрылып, Польшадан келген эт импортуна салынган тыюуну Маскөө алып салыш керек деп билдирди. Финляндиянын премьер-министри Матти Ванханендин айтымында, тараптар ортосундагы кызматташуу баары бир уланат: "Кубат маселелери боюнча биздин ортобуздагы кызматташуу күчтүү экени жана ал оң көз карандысыздыкка негизделгенин баарыбыз түшүнөбүз. Андай кызматташуу бардык тараптарга пайда алып келгендей багытта өнүгүш керек", - деди финн премьери.

XS
SM
MD
LG