Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Лондон шаарында каза болгон Литвиненконун денесинде радиация табылды


Британиялык доктурлардын айтымында, Лондон шаарынын ооруканасында 23-ноябрда кечинде каза болгон мурдагы орусиялык тыңчы Александр Литвиненконун денесинде радиоактивдүү полонийдин издери табылды: "Литвиненконун анализдеринде радиоактивдүү полонийдин альфа нурларынын калдыктары табылды деген маалымат келип түштү", - деди өкмөттүк адис Рожер Кокс. Эксперттердин айтымында, ошондой эле радиациянын калдыктары - 1-ноябрда Литвиненко барган ресторан менен мейманканада, андан тышкары анын Лондондогу үйүндө да табылды. Литвиненко өлгөндөн кийин анын жанында табылган катта - анын өлүмү үчүн орус президенти Владимир Путин жооптуу деп жазылган деп айтылууда. Путин аны саясий провокация деп атады.

XS
SM
MD
LG