“Ата Мекен”, “Асаба”, “Эркиндик”, “Социал-Демократтар” партияларынын жаш канаттарынын лидерлери Польшанын парламентинин депутаттары менен жолугушуп келди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” жаш саясатчы Алишер Мамасалиев билдирди. Анын маалыматына ылайык, 19 күнгө созулган бул сапардын жыйынтыгында жаш саясатчылар Польшанын парламентинин иш тартиби менен жакындан таанышышты. Ошондой эле депутаттар шайлоо компаниясын өткөрүү, финансы-каражаттарын туура колдонуу, кадрларды даярдоо жана ММКлар менен кызматташуу өңдүү маселелер боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүштү. (ZMa)