Буш ошондой эле Хамид Карзай менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эмки аптада өтчү НАТО саммитинде талиптерге каршы күрөшүүдө оогандарга колдоо көрсөтүү маселеси караларын белгиледи. Ушул жылы Ооганстанда жашыруун иштетилген апийимдин көлөмү өткөн жылдагыга караганда бир жарым эсеге жогору болду.