"Скай мобил" компаниясынын аткаруучу директору Денис Шершнев ушундай маалымат таратты. Анын айтымында, «Бителди» көзөмөлүнө алуу максатында МТС жасалма документтер менен эл аралык сотторго кайрылган. Ошондуктан "Скай мобил" жергиликтүү тартип коргоо органдарына кайрылып, маселени иликтөөнү өтүнүп жатат.