Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

СҮЛҮКТҮ КЫРСЫГЫНЫН ЖАҢЫРЫГЫ


Ушул жылдын 24-ноябрында Сүлүктүдөгү жоопкерчилиги чектелүү Рахимбердиев атындагы шахтадан көмүр казып алууга киришкен беш адам газдан ууланып набыт болушту. Ушу тапта өкмөттүк комиссия кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өнөржай коопсуздугу жана тоокен өндүрүшүнө көзөмөл кылуу инспекциясынынын жетекчиси Турарбек Саркуловдун айтуусунда, кырсык Сүлүктүдөгү шахтада болуп өткөн. 220 метр тереңдиктеги эски шахтага Рахимбердиев атындагы жоопкерчилиги чектелүү коомдун эки шахтеру, ага кошулуп үч жергиликтүү тургун көмүр казып алганы жер алдына түшүшкөн.

-Эки кишини көмүр ташышка жардам берсин деп көмүр алчу кишилер алып келишкен,- дейт Т.Саркулов.

Адистердин ырасташынча, көмүр катмарынын кыйласы жер көчүп кетпеши үчүн атайын калтырылып кетет. Кырсыкка кабылган сүлүктүлүк беш адам ошол калтырылган көмүр катмарын кол менен казып алууга киришип, кечки саат 6 менен 8 ортосунда уулуу газга уугуп набыт болушкан. Анын үстүнө шахтанын ичиндеги желдеткич да кыйладан бери иштебей турган экен.

Турарбек Саркуловдун ырасташынча, Сүлүктөгүдөй жагдай Кыргызстанда иштебей калган көмүр кендеринин баарында бар. Экономикалык оорчулуктун айынан керки-кетменин көтөрүп жер алдына сойлоп кирип көмүр казып алууга тобокелчилик кылган адамдар, алардын эмгегин пайдаланган чакан ишканалар толтура. Булардын көбү тоокен өндүрүшүнүн жөнөкөй техникалык эрежелерин сакташпайт. Арзан жумушчу күчүн пайдаланып, эч кандай техникасы жок эле керки-кетмендеп көмүр казып алуунун аракетин кыйладан бери көрүп келатышат.

- Көкжаңгакта деле ошондой абал. Биз лицензияларды бербесе дегенбиз. Анткенче чоң-чоң шахтыларды иштетиш керек. Шахтыларды ирилештириш керек,- деп айтты Т.Саркулов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тоокен өндүрүшүн көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Николай Салогуб иштебей токтоп калган көмүр кендерине бейчеки кишилердин киришине тыюу салыш кыйын жумуш дейт. Аларды кайтаруу, тосуу түйшүгү кыйла каражатты талап кылчу жумуш. Ошондон тоокен өндүрүшүндө, айрыкча, алтын чайкап алуу, жер алдынан көмүр казып алуу иштеринде адам өмүрүн алып кеткен кырсыктар көп болот.

- Жер алдына түшпөсө эч ким набыт болбойт эле. Анын үстүнө ал жердин желдеткичи да иштебей калып жатпайбы,- дейт Н.Салогуб.

Т.Саркулов ушу тапта өкмөттүк комиссиянын адистери менен эксперттери иликтөө иштерин улантып жатканын маалымдады.

Өкмөт башчынын биринчи орунбасары Данияр Үсөнов баштаган комиссия мүчөлөрү кырсык болгон жерге барып, курман болгондордун жакындары менен үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып келишти. Өкмөт адам өмүрүн кыйган кырсыкты мындан ары болтурбоо үчүн биртоп иш-чараларды жүзөгө ашыра тургандыгы айтылды.

Жашоо-турмуштун айынан жердин жети кабат түбүнө түшүп, ал жерден ажал тапкандарга өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлбөй тургандыгын Т.Саркулов журналисттер үчүн өткөрүлгөн жыйында билдирди.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG