Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

АНЖИЯНДА КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨР ӨТТҮ


Кыргыз-өзбек чек арасындагы бир ыктай чечиле элек аймактардын дагы эки жарым чакырымы такталды. Мындай чечимди чек ара иштери боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы кезектеги Анжиян отурумунда бир апталык талкуунун жыйынтыгы боюнча чыгарды. Алдыда дагы тактоого муктаж үч жүз чакырымга жакын аймак бар.

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча Ташкендеги буга чейинки сүйлөшүүдө жалпы чек аранын узундугу 1375 чакырым экендиги аныкталган. Анын 993 чакырымы такталып, 58 бөлүк жер пикир келишпестиктерди жараткан. Расмий маалыматтарга караганда Анжыян суу сактагычы, Сох, Барак анклавдарында, Гава, Гавасай аймактарында негизги талаштуу участоктор бар. Айрым байкоочулар бул жерлердеги татаал маселелерди терең салмактап чечүү керектиин айтып келишүүдө. Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын өткөн жумада Анжыян шаарындагы отуруму бир топ жемиштүү болду, дейт Кыргыз өкмөтүндөгү аймактык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов:

"Эки тараптын эксперттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, эки чакырым беш жүз он метр кыргыз-өзбек чек арасындагы аралык такталды. Бул жыйынтык келерки делегациянын деңгээлиндегеи жолугушууда каралып чыгып, бекиткенге коюлат."

Саламат Аламанов белгилегендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын өкүлдөрү чек ара сызыгына чыгып, документтер менен чек ара сызыгынын жер бетиндеги орду боюнча тактоо иштерин жүргүзгөн. Анын негизинде, туташ жайгашкан район, облустардын тиешелүү адистери жер-жерлерде дагы тактоо иштерин жүргүзүп, келерки кездешүүдө эки тарап өз пикирлерин ортого салуу макулдашылган. Алдыда дагы 58 жайды, 300 чакырымдан ашуун жер аймагын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эки элдин ортосундагы кылымдардан кылымга келаткан каада-салт, үрп адат, достук байланыш жылуу мамиледе уланып келатканын белгилешүүдө. Алардын баамында, айрым учурларда эки тараптын чек ара, бажы кызматтарындагы мыйзамсыз иш аракеттер, жайыт, суу талаш маселелери эл арасында нааразылыктарды жаратууда.

"Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаш жараткан аймак деп койобуз. Ошол жерлерди тезирек делимитация, демеркация иштерин жүргүзсөк, ошол чек араны чечип алсак. Эл арасында айтылып жүргөн ар кандай сөздөргө, туура эмес пикирлерге чек коюлат эле," -деди Баткен облустук укук коргоо органдары жана коргонуу боюнча бөлүмдүн башчысы Таштемир Эшалиев.

Аманбек Жапаров,Бишкек

XS
SM
MD
LG