Кечээ Бакыт Калпетов менен жолугуп чыккан адвокат Жумабек Шакиров анын саламаттыгы канааттандырарлык экенин айтып, коюлган айып туура эместигин жана аны камоого эч кандай зарылдык жок деп эсептээрин кошумчалады. 23-ноябрда УКК абагына алынган «Ата Мекен» партиянсынын мүчөсүнө МТРК башчысынын орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. «Ата Мекен» партиясы мындай айыптоону негизсиз деп эсептеп, аны бийликтин кысымы катары баалоодо.