Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

ЭСЕНГУЛ АЛИЕВ: МАМЛЕКЕТТИН КОЛУНДАГЫ ЖЕРДЕН ПАЙДА ТҮШКӨН ЖОК


Венера Сагындык кызы, Прага ш. Убагында жерди жеке менчикке өткөрүү маселесин кызуу колдоп чыккан Агрардык партия эми мамлекет өз менчигинде сактап калган жер үлүштөрүн натыйжалуу пайдалануу cунушу менен өкмөткө кайрылып жатат. “Азаттыктын” таңкы берүүлөрүндө Агрардык партиянын лидери Эсенгул Алиев ушул жерди менчикке берүүнүн чечилбей жаткан проблемалары боюнча ой-пикир бөлүштү.

- Бишкектин тегерегиндеги жер басып алууларды, Ысыккөлдө, мурдарак башка жерлерде болгон жер талаш окуяларын токтотуу жолдору барбы?

- Жолдору бар. Мен 92-жылдан бери жер боюнча иштеп келе жатам. Биздин республикада жер жетиштүү эле, жер жок деген туура эмес. Ушул реформаны жакшы колго алып жүргүзбөгөндүктүн кесепетинен ушул чырлар чыгып келе жатат. Негизги чырлардын болуп жатканы, жер реформасын жүргүзгөндө колхоз, совхоздун айдоо жерлерин үлүшкө бөлгөн кезде 22-25 пайызы жарлык боюнча улуттук жер фондусуна калып, калган жерлер үлүшкө бөлүнгөн. Мына ошондо жер бөлүштүрүүдө райондук борборлордо жашаган элге жер үлүшү тийбей калган. Ал убакта райондун борборунда толгон токой мекемелер бар болчу. Курулуш, соода, медицина, агартуу бөлүмдөрүндө иштегендердин бардыгына менчиктештирилгенде өз үлүштөрүн алат дегени менен аларга жер үлүшү бөлүнбөй калган. Кийин ошол райондун борборундагы мекемелердин баары жоюлуп, банкрот болуп таланып-тонолгондон кийин райондун борборундагы эл жапырт шаарларга көчүп, жер басып алуулар ошондо башталды.

- Шаардыктарга да жер берилиши керекпи?

- Мен 1999-жылы 20-октябрда президентке атайын кат жазгам. Кайра бөлүштүрүү фондусу туура болбой калып, эл жер талашып атат. 328 миң гектар жер бар болчу кайра бөлүштүрүү фондусунда. Район борборлорундагы ошол жерди жалпы эл катарында үлүшкө берсек, эл тынчыйт, миграция болбой калат деп мен атайын Акаевге бир топ гезиттер аркылуу жазгам. Тилекке каршы ошол менин сунушумду ошол кездеги президенттин тегерегиндеги кээ бир кишилер каршы чыгып, (фамилиясын айтпай эле коёюн) бул жерлерди айыл өкмөттөрүнө бериш керек, айыл өкмөт ушуларды элге арендага берип өздөрүнүн бюджетин чечсин, алардын акчасы жок деп отуруп айыл өкмөттөрүнө берилген. Ал кезде кайра бөлүштүрүү фондусу айыл чарба министрлигинде болчу.

- Ошол мамлекеттин менчигиндеги 22-25 пайыз жерлердин пайдасын ким көрүп келатат?

- Ошол жерлердин пайдасын эч ким көргөн жок. Ушул жер жалаң коррупцияга айланып кетти. Бүт айыл өкмөттөрүнө берилгенден баштап, биздин Жогорку Кеңеш аны арендага берүүнүн бир жобосун иштеп чыккан, жобосун чоң университетти бүткөн математиктер түшүнбөсө эл түшүнбөйт. Мен аны өзүм окуп чыккам. Жөн эле ушунчалык акмакчылык менен жазылган жобо. Айыл өкмөттөр ал жерлерди өздөрүнүн туугандарына, тааныштарына гана беришет.

- Силердин агрардык партиянын сунушу боюнча жер үлүштөрү шаардык элге берилиши керекпи?

- Биз сунушубузду официалдуу жазганбыз. Мамлекеттин эсебинде турган жерди жер албай калгандарга райондун борборунда жашаган элге үлүш катарында бериш керек деп чыгаргам мен. Азыр деле ошону колдоп келатам. Тилекке каршы ошону аткарбай атышат. Ошол жерлерди мамлекеттин эсебинде деп калтырып коюп, чырдын барын баштап аткан ошол жерлер болуп атат. Ал элге иштеген жок, жалаң коррупцияга иштеп, жетекчилер ошону туура эмес алып, анын акчасын төлөбөй, чыр болуп атканын көрүп алган элдер ошол жерлерди басып алып атат.

- Силердин агрардык партиянын пикири боюнча азыр айыл жериндеги дыйкандардын акыбалы кандай? Алардын турмушун жакшыртуу боюнча силердин программаңар барбы?

- Айыл жерлеринде жашаган элге айыл чарбасына жарактуу жердин болгону 8 пайызы гана менчикке берилди. Айыл чарбасына жарактуу жерлердин көпчүлүгүн мамлекет кармап жатат. Реформаны дагы алдыга жылдырыш керек. Мисалы, бизде 300 миңден (гектар) ашык кайра бөлүштүрүү фондусунун жери жатат, андан тышкары токой чарбасы деген бар бизде. Ошол токой чарбасында дагы 49926 суу баскан жерлер бар, ушунун 17 миң гектар жери айылдан алыс барып келүүгө болбойт деп элдерге арендага бербейт экен. Мен ага көп деле ишенбейм. Эгер элге менчикке берип койсунчу, көчүп барып, жертөлө куруп алып, ошол жерлерди албайбы. Андан тышкары 2730 гектар жер бар, саздак деп элдер албай атат дейт. Ошондой сазга өсө турган сонун теректер бар, бир жылда 5-6 метрлеп өсөт.Ар бир үйбүлөгө бир гектардан берсе дагы 500 миңдей киши жумуш менен камсыз болгону жатпайбы. Анда эл Россияга, Казакстанга көчпөйт эле.

XS
SM
MD
LG