Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

РИМ ПАПАСЫ АНКАРАГА ЭМНЕ МАКСАТ МЕНЕН КЕЛДИ?


Бүгүн Рим Папасы Анкарага келүүдө. Бенедикт он алтынчынын Түркияга алгачкы сапары жеңил болбойт. Aнын өткөндөгү Исламды сындаган билдирүүсүнө мусулмандардын нааразылыгы таркай элек. Түрктөр ошондой эле Рим Папасы Түркиянын Евросоюзга киришине каршы экендигин жакшы билишет.

Машиналар тынымсыз каттаган Анкаранын көчөлөрүндө такси-автобустардын уу-дуусу мечиттен молдонун азан чакырганы менен кошулуп, чоң шаардын какафониясына айланат.

Балким жаңыланган Европанын добушу ушул болоттур. Бирок Рим Папасы дал ушуга макул эмес.

- Ислам жагынан алсак, катардагы мусулмандардан саясий исламчылар менен радикал экстремисттерге чейин Рим Папасынын кечирим сураганы жетиштүү эмес. Түркияда дагы улутчулдар бар, алар анын Түркияны сындап, өлкөнүн Европа Биримдигине киришине каршыкканына нааразы,- дейт Зейно Баран, түркиялык саясий изилдөөчү.


Ушундан улам Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган башында Рим папасына жолукпай тургандыгын каңкуулаган. Кысым астында Эрдоган аны аэропорттон тосуп чыкты, бирок ушунчалык карама-каршылыкка карабастан, Рим чиркөөсүнүн башчысы эмне үчүн Анкарага келип жатат деген суроо туулат.

Аны Анкарага Константинополдун патриархы Бартоломей Биринчи чакырган. Бирок байкоочулардын айтымында, 80 жаштагы акылы курч немис теологу түрк жергесине католик жана православ христиандарынын алакаларын бекемдөө үчүн гана келип жаткан жок. Анын көздөгөн башкы максаттарынын бири - исламда диний реформага жана диндер аралык диалогго түрткү болуу.

Бирок, анын Регенсбургда айткан Исламга шек келтирген сөздөрүн мусулмандарды диалогго чакыруу деп түшүнүү кыйын.

Давид Барцард - британиялык католик жана Анкарадагы Тепав изилдөө борборунун Түркия боюнча эскперти. Анын айтымында, Рим папасынын ал айткандары исламдагы эң ыйык адамды шакаба чеккенге тете болду. "Муну балким сиз диалог деп айтасыз, мен муну конфронтация деп эсептейм" дейт изилдөөчү.

Ал эми Рим Папасын жакшы билген адамдар ал Батыш менен Ислам дүйнөсүнүн ортосундагы кайым-айтышууга багыт берүүчүнүн ролун өзүнө алууга далалаттанып, диндер аралык диалогду курчуткандыгын белгилешүүдө. Алардын бири Роберт Мойнихан. Ал "Ватикандын ичинде" журналынын редактору жана Кардинал Йозед Ратсингер 2004-жылы Рим Папасы болгонго чейин аны менен бир катар маектерди жүргүзгөн:

Ал азыр исламдык окумуштуулар менен кучак жайып жолугушат. Алар ага кат жазышат, Ватиканга чейин келип жүрүшөт. Истамбулда аны менен жолугушуп атышат. Батышта бүгүн Рим Папасынан артык эч ким ислам менен ачык диалог жүргүзгөн жок. Анын исламды сындаган сөздөрү аны башкы арачынын ролуна жеткирди.

Бул ролду Рим Папасы Түркияда кандай пайдаланат, кеп азыр ушунда. Анкарада ал Түркиянын диний иштеринин учурдагы жетекчиси же башкы муфтийи Али Бардакоглу менен жолугушууда. Бенедикт XVI Европа христиан иденттүүлүгүнөн айрылып баратат деп камтама. Бирок Истамбулду европалык жана азиялык эки бөлүккө болүп турган Босфор кысыгынын суу жээгинде туруп, ал мындай диалогдун ийгилиги үчүн түрктөрдүн иденттүүлүгүн да түшүнүүгө тийиш экендигин ойлонот болуш керек.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG