Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Католик чиркөөсүнүн папасы Бенедикт XVI Түркияга келди


Католик чиркөөсүнүн папасы Бенедикт Түркияга келди. Папанын визитине байланыштуу Анкара менен Стамбулда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Визиттин коопсуз өтүүсү үчүн Папа Анкара менен Стамбулда жабык машине менен жүрөт. Бул Папанын мусулман өлкөсүнө жасап жаткан алгачкы визити. Түркияда анын келишине нааразылык билдирип, бир нече күн катары менен демонстрациялар өткөрүлдү. Папанын Мухаммед пайгамбар жөнүндө келтирген жагымсыз цитаталары мусулмандардын ачуусун келтирген болчу.

XS
SM
MD
LG