Оң жагы катары 2 миллиард долларлык тышкы карыздын 915 миллион долларынын кыскарышы, бошогон каражатты социалдык максатка жумшоо жана мамлекетти башкарууда ачык-айкындуулуктун көбөйүшү белгиленген. Ал эми терс жагы катары мамлекеттин бейнесинин бузулушу, насыялардын, гранттардын кыскарышы жана программанын шарттарына байланып калуу жазылган.