«Өткөөл мезгилди башынан өткөрүп жаткан мамлекеттердеги коомдук саясат: механизмдер, институттар» деген аталыштагы бул эл аралык жыйынды «Сорос-Кыргызстан» фонду уюштурууда. Анда коомдук саясаттын негизинде мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү маселелери талкууланат. Форумга КМШ жана Чыгыш Европа мамлекеттеринен келген өкүлдөр катышмакчы.(SM)