Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

ХИПИК: КИМ КАРШЫ, КИМ МАКУЛ, КАЛЫСЫ ЖОК


29-ноябрда Бишкекке Дүйнөлүк Банктын миссиясы келди. Бишкекте ал кыргыз өкмөтү менен тышкы карыздарды жоюу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Ушул эле күнү биртоп бейөкмөт уюмдар менен жаштар уюмдарынын ХИПИК программасына Кыргызстандын киришине каршы нааразылык акциялар өттү. Борбор Азиядагы Амерка университетинде тышкы карыздарды жоюу маселесине арналган «тегерек үстөл» жыйыны өттү.

Жаштар уюмдары менен бейөкмөт уюмдардын Бишкекте уюштурулган нааразылык иш-чаралары бүгүн да улантылмакчы. Алар кечээ Дүйнөлүк Банктын Бишкектеги өкүлчүлүгү жайгашкан имарат жанында, Улуттук банктын алдында пикет уюштурса, бул күнү экономика жана каржы министрлигине нааразылыгын билдиришмекчи.

Эмне үчүн Кыргызстан ХИПИК программасына кирбеши керектигин эркин экономист Керимбай Расулов мындайча ырастады: "Эми чындап келгенде биз бөлөк республикаларга караганда Менделеев таблицасы жайгашкан республикадабыз. Алтын десе алтын бар, никель десе никель бар. Ташкөмүр десе биз Ортоазиянын «кочегары» болуп эсептелебиз."

Журналист Мери Бекешова тышкы карыздардын жүгү жеңилдегенден кийин калган бюджеттик акчалар социалдык трамакты гана колдоого жумшалат, реалдуу экономика дагыле баам сыртында калат деген пикирде:"Ошол ортодо калып калган акчаны булардын шарты боюнча эч убакта өндүрүшкө салбаш керек экен."

«Асаба» партиясынын төрага орунбасары Дөөлөт Нусуповдун ырасташынча, ХИПИК Кыргызстан калкынын кадыр-баркын түшүрө турган программа:"МВФ менен бүткүл Дүйнөлүк банктын берген каражаттарынын айынан биз өнүккөндүн ордуна ушул ахывалга келдик. 2 миллиард долларды үстүбүзгө үйүп койду."

Бирок да алдагыдай кескин пикирлер менен Улуттук банктын акча операциялары башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Мукамбетова макул эмес. Ал Кыргызстан тыш карыздарынын жарымынан кутулса, биртоп экономикалык проблемаларын чечип алууга мүмкүнчүлүк алар эле деген пикирде. Тышкы карыздар оголе көп, андан кантип кутулуунун амалын ойлош керек.

"Карыз 2 миллиард 1,36 миллион доллар. Анын ичинде мамлекеттин тышкы карызы 1 миллиард 860 миллион долларды, эларалык валюта корунун алдындагы кредит карыз 170,9 миллион доллар, жеке сектордун карызы 141,2 миллион доллар. Эгер жалпы карыздын катышын алсак, анын 64,22% көп тараптуу карыздар түзөт,"- деп айтты Г.Мукамбетова.

Мына ушул көп тараптуу карыздардын жүгүн жеңилдетиш үчүн Кыргызстан иралды ХИПИК, андан соң МДРЙ программасына кириши керек. Эки демилгенин баасы 1 миллирад доллар. Улуттук банктын башкармалык жетекчиси Раушан Сейиткасымова Кыргызстандын тышкы карыздары кандай пайдаланылганы тууралуу эч ким азыр так маалымат бере албайт дейт.

"Өткөн жылы президент жарлыгы мененби же өкмөт буйругубу, иши кылып жумушчу топ түзүлгөн. Бул топ тышкы карыздар кайда, кандай жумшалганын иликтеп чыгышы керек эле. Анын ишинин жыйынтыгын биз да билбейбиз."

Кыргызстандын тыш карызы оголе чоң оор жүккө айланып, аны көтөрүүгө бюджеттин чаркы келбей жатканын көргөн өлкөнүн патриоттору демилге көтөрүп, улуттук фонд түзүштү. Өкмөт болсо азырынча ачык сөзүн айта элек.

XS
SM
MD
LG