Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ТҮРКИЯНЫН РЕФОРМАТОРЛОРУ КУРАНДЫ ЖАҢЫЧА ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАМАКЧЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Анкаранын карапайым калк жашаган чөлкөмөрүнүн биринде адаттан тыш көрүнүшкө күбө болосуң. Католик чиркөөсүнүн диний кызматкери менен мусулман динаятчысынын жай- баракат чай ичип, жашоонун маани- маңызы тууралуу ой жүгүртүп, пикир алышып олтурганын көрүүгө болот. Эки башка диндин өкүлдөрүн жакшы санаалаш кылып бириктирген эмне?

Түркияда жылдардан бери жашап келаткан христиан динаятчысы Феликс Корнер Анкара университетинин теология бөлүмүнө көп келген мейман. Ал ошондой эле теологдор жана тарыхчылар түзгөн Анкара мектеби менен тыкыз кызматташат. Түрк диний жетекчилиги тарабынан расмий таанылган бул мектеп Куранды түз мааниде түшүнүүчүлүктү четке кагып, ыйык китептерди тарыхый шарттар менен ошол кездеги окуяларды эске алуу менен интерпретациялоонун жолун издөөдө. Мектептин мүчөлөрүнүн бири, ислам тарыхчысы Нахиде Бозкурт мындай мисал келтирет:

"Курандын айрым сүрөөлөрүндө согуш жөнүндө айтылган, биз ыйык китепте жазылганды түз мааниде түшүнө албайбыз. Анткени Ислам деген сөздүн өзү "тынчтык" дегенди түшүндүрөт",- дейт ал.

Мухамат пайгамбардын өмүр жолу жөнүндө түркчө китеп жазып чыгарган тарыхчы азыркы тапта Исламга зордукчул аракеттер менен терроризм өңдүү көрүнүштөр жат экенин тастыктаган китеп жазып атат. Бозкурт айым Ислам дини жөнүндө жазылган китептерди тарыхый контекстте түшүнүү зарыл экенин, пайгамбардын көзү өткөн 632 жылдын ичинде жазылган китептерде окуялар так чагылдырылгандыгын этияттык жана кылдаттык менен текшерип чыгуу керек экенин айтат.

Бирок христиан динаятчы Корнердин айтымында, Куранды көпчүлүк түздөн-түз мааниде кабыл алат, ошон үчүн диний жазууну заманбап көз караш менен интерпретациялоо өтө кычыкытуу иш болот.

"Алар Исламга терең көз жүгүртүү салтуу нерсе экенин өздөрү үчүн, мекендештерине ошондой эле түркиялык эмес ислам аалымдарына көрсөтүүлөрү керек. Бул кыйын иш",- дейт Корнер.

Литерализм же Куранды түз мааниде түшүнүүчүлүк Анкара Мектебинин мүчөсү Мехмед Пачачинин айтымында, 19-кылымда Мисирде пайда болгон. Литералисттер, Куранды эле эмес, пайгамбардын көзү өткөн соң жазылган диний китептерди түз мааниде гана түшүнүп, Исламдын кылымдардан бери басып өткөн жолун, тарыхын эске алгылары келбейт. Диний аалым Исламды интепретациялоо -диндин түпкү тамырына кайрылуу экенин баса белгилеп, литералисттерди Исламдагы реакционердик кыймыл катары сыпаттайт.

"Литерализм исламдын реакционердик кыймылы Ваххабизм менен бирге пайда болгон. Ал Шариатты жазалоо мыйзамдарынын чегине кийирип салган. Бул литералисттердин Шариатка болгон көз карашы",- дейт Пачачи.

Мисал катары Пачачи уурулардын колун кесип салуу практикасын келтирет. Шариатта жазалоонун ушул түрү баса белгиленгенине карабастан, Түрк-Осмон империясында ууруларды эркинен ажыратуу менен жазалашкан.

Христиан динаятчы Корнер Анкара Мектебинин таасири сезиле баштаганын, Түркияга келген башка мусулман динаятчылары Исламды диний асыл- нарктарды жоготпостон интерпретациялоо мүмкүн экенине таң калып жатышканын айтат.
XS
SM
MD
LG