Облустагы саясий партиялар жана коомчулуктун өкүлдөрү менен баарлашкан «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов жаңы кризистин алдын алуу үчүн Бакиев+Кулов тандеми бузулуп, өкмөт башчынын кызматтан кетиши зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, саясий маданиятты жана көп партиялуулукту өнүктүрүү керек. «Жаны Кыргызстан» жана "Эркиндик» партияларынын активисттери Байсаловду кууп чыкмакчы болуп, анын сөзүн укпай, сөз талашышты. Оппозициядан президентке тоскоолдук кылбоону, депутаттардан кол тийбестикти алууну жана парламентти таркатууну талап кылышты. (YA)
14:20 Жалалабат: Бийликчил партиялар Эдил Байсаловдон президентке тоскоол болбоону талап кылышты