Анда келерки жылга газ сатып алуу боюнча контрактыга кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызгаздын» башчысынын орун басары Саламат Айтикеев билдирди. Анын айтымында, келерки жылдан тарта бир кубометр газдын баасы 5 сом 60 тыйынга чыгат. Учурда бир куб газ элге 3 сом 70 тыйындан сатылууда.