Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 23:24

ПРОФЕССОР ТЕЛЕГИНА: КОНЦЕССИЯГА МАМЛЕКЕТ БАШКАРА АЛБАГАН ИШКАНАЛАРДЫ БЕРГЕН ЖӨНДҮҮ


Амирбек Азам уулу маектешти Россия мол энергия булактарын пайдаланып, Батыш өлкөлөрүнө өз эркин таңуулаганы жатат деген пикирлер соңку мезгилде көп айтылчу болду. Андай кеп канчалык негиздүү? ГЭСтерди жана башка маанилүү стратегиялык обьектилерди концессияга же чет элдик башкарууга берүү канчалык опурталдуу? Бул суроолор боюнча Москвадагы Энергия жана саясат институнун башчысы, профессор Елена Телегина ой бөлүшөт. Илимпоз Россиянын отун энергия министринин мурдакы орун басары, азыр “Роснефть” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү да болгондуктан мунай-газ проблемасын жакындан билет.

“Азаттык”: Профессор! Сиз катышкан Прагадагы экономикалык форумда Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Топаленек Россия Батышка, жалпы эле Европага энергетикалык үстөмдүгүн таңуулаганга аракеттенүүдө деген пикирин айтты. Илимпоз катары бул көз карашка эмне дейсиз?

Елена Телегина: Мен маселени мындай өңүттөн койгонго каршымын. Менин оюмча, жыл башында Украина менен газ төлөмүнөн келип чыккан чатактан кийин Батыш чочуп калгандай сыяктанат. Бирок, жагдайды ого бетер татаалданткан туура эмес. Себеби, тарыхый жактан алып карасак, Россия сырт өлкөлөр алдындагы милдеттенмелерин ар дайым аткарган жана аткарбай калышы мүмкүн экенин жарыя кылган эмес. Жана да Россия үчүн углеводородду Европанын базарына жөнөтүү пайдалуу экенин эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан, стратегиялык жактан алганда, Россиянын мунай-газ менен Европаны камсыздоо үчүн өндүрүштү кеңейтүүгө даяр экени күмөнсүз. Тактикалык жактан алганда, Россия экс-советтик республикалар жана Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрү менен мамиле түзүп жатып, мунасага акырындап жеткизчү жолду пайдаланбастан, көздөгөн максатын даңгел айтып салат.
Көп мамлекеттер, өзгөчө, мурдакы советтик республикалар Россиядан энергиянын түрлөрүн дотациялык баа менен алышпаса, тирүү да калышмак эмес, улуттук экономиканы да куруша алмак эмес.
Арзан баа элдин да, экономиканын да телчигип, бутуна турушуна жардамдашты. Ошондуктан, эми келип Россияны тигини-муну таңуулайт деп күнөөлөгөн натуура. Бааны базар баасына өткөрүү саясый кысым катары кабыл алынбасы үчүн Россия углеводороддун баасын акырындап көтөрүүсү зарыл экени башка маселе.

“Азаттык”: Эми Кыргызстан үчүн актуалдуу тема - ГЭСтерди концессияга берүү маселесине өтсөк. Жергиликтүү айрым талдоочулар менен саясатчылар ГЭСтер тышкы инвесторлорго башкарууга берилсе, улуттук экономика чет элдик капиталга көзкаранды болуп калат деген ойлорун айтышууда. Илимпоз катары сиздин пикириңиз кандай?

Елена Телегина: Билесизби, концессия өтө эски тема. Ал Британиянын оторчулугу астындагы мурдакы жерлердин мунайын казып алуунун шартына байланыштуу көп талкууланган. Ошондон тарта концессияга карата тескери пикир жаралып, азыр постсоветтик мейкиндикте, атүгүл Россиянын өзүндө ага тескери мамиле болууда. Бирок, мамлекет жана жеке менчик компаниялар бизнести ийгиликтүү жүргүзө албаган, ошондой эле чоң чыгымды талап кылган жана кайтарымы төмөн тармактар бар. Мындай тармактарды өнүктүрүү үчүн коркпостон эле ири капиталды тартуу зарыл. Бирок улуттук өкмөттөр концессиянын шартын өтө кылдат даярдашы абзел. 90-жылдардын башында Россияда кабыл алынган продукцияны бөлүштүрүү боюнча келишим - чет өлкөлүк инвесторлорду тартуунун бирден бир жолу болгон. Россиянын мунай-газ өнөр жайы бутуна тургандан кийин алардын өз каражаты өнүгүүгө жетиштүү экени айкын болду жана продукцияны бөлүштүрүү боюнча келишимде айтылган шарттар оптималдуу болбой калды.

Кыргызстан жана башка өлкөлөр эларалык тажрыйбаны үйрөнүп, өткөн мезгилдин кемчиликтерин эске алышса, концессия түрдүү тармактарда чоң жакшы пайда алып келиши мүмкүн.

“Азаттык”: Сөз соңунда негизги темага кайрылалы. Мунай-газга жарды майда мамлекеттер үчүн отун-энергия коопсуздугу маселеси канчалык актулдуу?

Елена Телегина: Менимче, энергия коопсуздугу чакан өлкөлөр үчүн маанилүү болгону менен актуалдуу эмес. Теория боюнча, рынок Германиядагыдай сыйымдуу болгон жагдайда камсызоочуну тандап, бааны керектөөчү үчүн оптималдуу кылуу мүмкүн. Бирок, иш жүзүндө Европада баа болбой эле өсүүдө. Ошон үчүн, камсыздоону диверcификациялоо теориялык жактан маанилүү фактор болгону менен иш жүзүндө максатка ылайыктуулугун ырастай элек.

Ал эми энергия булагына эшиктеш өлкөлөргө узак мөөнөттүк келишимге, анын шарты туруктуу болуусуна жетишүү маанилүү. Себеби, ишенимсиз камсыздоочуну издөө- бул тобокелчиликке баруу. Асыресе, ар бир өлкө отун-энергия стратегиясын ички булактарына таянып тандайт.

XS
SM
MD
LG