Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

15:53 Аксыда өткөн митинг оппозицияны куугунтуктоону токтотууга бийликти чакырды


30-ноябрда Каражыгач айылындагы мал базарда болгон митингге катышкан райондун алты айыл өкмөтүнүн 2 миңдей өкүлү "реформа үчүн" кыймылы ай башында өткөргөн митингдин катышуучуларына жер-жерлерде болуп жаткан кысым көрсөтүүлөрдү айыптады. Укук коргоочу Кубанычбек Маматкеримовдун билдирүүсүнө
ылайык, тоолуктар ХИПИК программасынa кирүүгө үгүттөп жаткан бийлик өкүлдөрүнө нааразы болушту. Президент менен өкмөт башчыга, Жогорку Кенештин төрагасы менен башкы прокурорго жиберилген кайрылууда ХИПИК программасына кирбөө, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн президент убада кылгандай 2-декабрга таап жазалоо, оппозициянын жактоочуларын куугунтуктоону токтотуу талаптары
коюлган.(YA)

XS
SM
MD
LG