Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

17:14 Өмүрбек Абдракмановдун жубайын финансы полициясы күч менен алып кетүүгө аракет кылды


«Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Абдырахмановдун жубайын финансы полициясынын сегиз кызматкери бүгүн күч менен кармап кетүүгө аракет жасады.Бирок кыймылдын активисттери ага жол берген эмес. Абдырахмановдун айтымында, бул аракет анын саясий ишмердүүлүгү үчүн жасалууда. Салык инспекциясы Абдырахмановдун аялы жетектеген «Азат» фирмасына салык жашырган деп октябрь айында күнөө койгон. Ал эми финансы полициясы кылмыш ишин козгогон. "Биз коюлган күнөөлөргө макул эместигибизди билдирип, апелляция менен салык инспекциясына кайрылганбыз. Мына ошол жактагы процедуралар бүтө элек жатып, күч колдонуу негизсиз",- дейт Абдырахманов.

XS
SM
MD
LG