24-ноябрда Дублинде орустардын экс-премьери капыстан эле ноокастап калып, жергиликтүү ооруканалардын бирине жаткырылган эле. Гайдардын туугандары аны ууланган деп эсептешет. Ирландиянын бийликтери ооруканада атайын текшерүүлөрдү өткөрүп, эч кандай радиациянын шек-шыбаасы табылбаганын билдиришти.