Жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн демилгелүү топ бүгүн Каржы министрлигинин алдына топтолушуп, Өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңештин, Улуттук банктын жана Дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин алдына маал-маалы менен жөө жүрүш жасап турушмакчы. Дүйнөлүк банктын миссиясы 29-ноябрдан бери ХИПК программасынын шарттары боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.(SM)