Бишкек шаар соту жума күнү Бакыт Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөрткөн Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, ал кайрадан Улуттук коопсуздук кызматынын абагына камалган. Ага МТРКнын баш деректиринин орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деген айып тагылууда. «Ата Мекен» партиясы Калпетовдун Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан суралып жатышын саясий куугунтук катары баалоодо.(SM)
9:00 Б. Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз менен анын адвокаты Жогорку Сотко кайрылат