ХИПК маселесин чечүүнүн алдында депутаттык комиссия түзүп, Кыргызстандын 2 миллиард доллардан ашык карызынын чоо-жайын иликтеп чыгуу зарыл. Мындай демилгени бүгүн Жогорку Кеңештин башталышында чыгып сүйлөгөн депутаттардын бир тобу көтөрдү. Депутаттардын басымдуу бөлүгү өз шайлоочулары ХИПК программасына каршы болуп жаткандыгын билдиришти.