Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА: КЫРГЫЗСТАНДА АБАЛ ООР БОЛУП ТУРАТ


Өткөн апта аягында Бишкекте укук коргоочулар чогулуп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты. Ал жыйынды “Атуулдар коррупция каршы” укук коргоо борбору уюштурду. Ал борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованы кабарчыбыз Венера Сагындык кызы кепке тартты.

- Жер-жерлерден келген укук коргоочулар биздин кабарда айтылгандай Кыргызстанда адам укуктарын сактоо соңку кездерде начарлап кетти деген баасын беришиптир. Жалпылап айта кетсеңиз бул жагдайдын башкы себептери эмнеде?

- Башкы себеп - авторитардык режим. 24-март 2005 -жылы эски режим кетти. Ушул эффективдүү бир чечимдерди кабыл алып, жаңы өкмөт менен кыйноодо калган элди социалдык-экономикалык маселелер аркылуу жакшы жагдайга жетебиз дегенбиз. Биринчи күндөн баштап конфликттерди чечүүгө, кыйноону азайтууга, түрмөдөн баштап алыскы жерде үңгүрөп жаткан элге дагы маалыматты жеткирип, аракет кылып, ушул кыйын абалдан чыкканга түздөн-түз жергиликтүү укук коргоочулар күндөн күнгө ишин күчөтүп алып келет.

Ассамблеяда биз талкуулаган негизги маселелердин бири Кыргызстандагы коомдук-саясий ахывал жөнүндө болду. Ооба, жаңы Конституция кабыл алынды. Анын ичинде көп жакшы нерселер бар. Бирок, 2007-жылы эмне жасай алабыз. Кандай иштерди прирортитет кылып алабыз деп баарыбыз чогулуп, талкууладык. Нарын облусунан келген укук коргоочулар инфраструктура жолдорубуз такыр жарабай калды деп кейип айтышты. Кытайдан каттаган чоң автоунаалар экологиялык күнүмдүк турмушка чоң тоскоолдуктарды кылып жаткандыктарын түздөн-түз көрсөтүштү.

Экинчиси, укук коргоочулар Нарын жергесиндеги эл көмүр ала албай кыйналып жатышканын белгилешти. Каракече жанында, бирок көмүр алганга шарт жок. Анткени, ал жакта өзүнчө бир саясат жүрүп жатат деп кейип жатышат. Көмүр жок.

Оштон келген укук коргоочулар бүгүнкү күндө ош жергесиндеги тургундарга газ жетпей , электр жарыгы маал-маалы менен өчүп калып жатканын көтөрүштү. Деги эле маалымат ала албайбыз деген маселени коюп жатышат.

- “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү ноябрдагы митингдин катышуучуларын куугунтуктоо жүрүп жатат деп айтышууда. Бийлик өкүлдөрү алар мыйзам чегинде гана жоопко тартылышы керек деген пикирде. Бул жерде саясий куугунтук барбы?

- Биз муну аябай талкууладык. Бул биздин чечим. Анткени, биз өкмөттөн баштап президентке чейин өзүбүздүн тынчсыздануубузду билдирдик. Анткени, 1-9-ноябрда конфликтти чече турган Ак үйдүн ортосунда чоң чиновниктер менен, Ички иштер министрлиги менен, ошол эле эл аралык коомчулук менен кандайча тезирээк Конституцияны кабыл алып, конфликтти чечебиз деген маселеде иштегенбиз. Жер-жерлердеги укук коргоочулар менен түздөн-түз байланышып иштеп жаттык. Президент Конституция кабыл алынгандан кийин өлкөнүн тургундарына айткан: “Биз эч кандай аларды куугунтуктабайбыз” деп. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин алардын ахывалы оор болуп жатат. Жаңы редакцияда айтылган эч кандай куугунтук болбош керек деп. Кулов болсо өзүнүн кайрылган аныктамасын кайта алган, эч кандай аларга дооматым жок деп.

-Коомчулуктун өкүлдөрү, ишкерлер коррупция азайган жок деген пикирлерин айтып жатышат. Силер бул багытта кандай иш жүргүзүп жатасыздар?

- Коррупцияга каршы күрөшүүнү азыркы күндө Кыргызстандагы ар бир атуул күтүп жатат. Мырза Үсөнов жана Бакиев баштаган «Акаевдин мүлкү” деген коррупцияны биз кетиребиз деп. Бирок бүгүнкү күндө андан эч кандай маалымат жок. Азыркы бийликтин жетишпегендиги - экономикалык жактан такшалган адамдар жалпы Кыргызстанды карап, изилдеп, Дүйнөлүк банк жана башкаларга таржымалдап бере албай жатат “ХИПИК” программасын. Ошон үчүн бүгүнкү күндө Кыргызстандын ахывалы аябай оор болуп турат.

XS
SM
MD
LG