Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактагы абалды өтө курч деп сыпаттады


Кофи Аннан Би-Би-Сиген берген интервьюсунда ушинтип билдирди. Кечээ Багдадда 50 жакын кишинин сөөгү табылды. Өлкөнүн башка аймактарында да шийилер менен суннилердин урушу тынчыбай келатат. Анын аралыгында президент Жалал Талабани жана бир катар саясатчылар Иракты стабилдештирүү боюнча эларалык конференция өткөрүү демилгесине каршы чыкты. Талабанинин ырастоосунда, Ирак эли өз келечегин өзү аныкташы керек. Бүгүн кечинде АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо Ирактагы ший саясатчылардын лидери Абдул Азиз ал-Хакимини кабыл алат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG