Буга байланыштуу мамлекеттик тарых музейинде волонтерлордун улуттук форуму өтмөкчү. Анда Кыргызстандагы волонтердук ишмердикке байланышкан маселелер талкууланып, буга чейинки иштердин жыйынтыгы чыгарылат. Бул күнгө арналган иш чаралар бүгүн өлкөнүн башка шаарларында өтөт. БУУнун Башкы Ассамблеясы 1985-жылы 5-декабрды Эл аралык волонтерлор күнү деп жарыялаган.