Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

14:30 Ө.Абдрахманов: Каржы полициясы бийликтин тапшырмасын аткарып жатат


БИШКЕК. Каржы полициясынын өкүлдөрүнөн кийин маалымат жыйынынын өткөргөн "Реформа үчүн" кыймылдын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов "Каржы полициясы бийликтин тапшырмасын аткарып жатат, бул орган репрессивдүү уюм", деди. Анын айтымында, мындан мурда Салык инспекциясынын башчысы Акматов ага келип, К.Бакиев сени менен сүйлөшөм деп жатат деген. Президентке кирген Абдрахмановго мамлекет башчысы "Реформа үчүн" кыймылдан чык, деген. Ага Абдрахманов конституциялык реформа болмоюнча кыймылдан чыкпайм, деген. Ошондон кийин салык инспекциясы ишти каржы полициясына тапшырган.

"Азат" корпорациясынын юристи Азат Базаркуловдун айтымында, анын кардары болгон Б.Айдакеева салыкты туура төлөп келатабыз деп эсептейт. Ал эми Айдакеева колуна чакыруу кагазын алган эмес жана ушул убакка чейин иш козголгону боюнча токтомду көрө элек. Ал эми "Якобс-аудит" аудит компаниясы каржы полициясы 400 миң сом салыкты "Азатка" ашыкча жазып койгонун аныктаган.

XS
SM
MD
LG