Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

9:49 Бакыт Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды Жогорку сот бүгүн карашы керек


Калпетовдун адвокаты Касымбек Райымкул уулунун айтымында, арыз берилгенине үч күн болгондуктан мыйзам боюнча сот арызды бүгүн кароого милдеттүү. Калпетовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө 10 депутат кепилдик берүүгө даяр. Бакыт Калпетов МТРКнын жетекчисинин орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деп айыпталып, УКК абагында кармалууда. Өткөн жумада Биринчи май райондук соту эки депутаттын кепилдиги менен аны абактан бошотуп, бирок Бишкек шаар соту ал чечимди кайра жокко чыгарган. «Атамекен» партиясы бул ишти саясий куугунтук катары баалоодо.(SM)

XS
SM
MD
LG